Дүйнөлүк классика Астана көрүүчүлөрүнө тартууланат

Дүйнөдөгү эң белгилүү махабат баяны - «Астана Балет» сахнасында! Борбор калаалык театр «Ромео менен Джульетта» балетинин премьерасын тартуулайт. Белгилүү композитор Сергей Прокофьев жазган Шекспирдин классикалык трагедиясын режиссёр Владимир Яковлев жаңыча сахналаштырган. Спектакль түбөлүк темаларды чагылдырып, жаштыктын импульсивдүү аракеттерин чагылдырганы менен белгилүү. Ошондой эле, алар «Астана балет» көрүнүшүндө өзгөчө динамикага жана формага ээ болушту.  Театрдын өкүлдөрү белгилегендей, труппа хореографиянын тили аркылуу көрүүчүлөргө алгачкы тыюу салынган сүйүү сезимдерин жана Монтекки менен Капулетти үй-бүлөлөрүнүн касташуу трагедиясын чагылдыруу үчүн премьеранын үстүндө көп жана талыкпай эмгектенди. Театрдын көркөм жетекчиси Нурлан Канетовдун айтымында, спектакль азыркы замандын орчундуу маселелерин козгой тургандай кылып интерпретацияланган.

Нурлан Канетов, «Астана балет» театрынын көркөм жетекчиси:
- Бул масштабдуу спектакль. Ал көптөгөн сахналардын болушу менен мүнөздөлөт. Биз майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга аракет кылдык. Бул көптөгөн жасалгалардын жана костюмдардын өзгөчөлүгү. Биз көп убакыт даярдандык. Дагы бир айта кетчү нерсе, артисттерибиз  рапира менен иштеп, алтургай аны өздөштүрүп алды. Спектаклде айыгышкан салгылашуулар көп болот.

Валдимир Яковлев, Балетмейстер-коюучу:
- Бул абдан оор спектакль. Бий катары эле эмес, актёрдук чеберчилик  жактан да оңой эмес. Анткени драманын бул спектаклдеги ролу өзгөчө. Актёрдук чеберчиликти талап кылган Тибальт, Меркуцио, жада калса маскарапоздор. Бир аз комедиялык элементтер да бар. Бардык актёрлордун чеберчилигин ачуу керек болду. Ал үчүн бул спектакль менен жашаш керек. Жөн эле иштөө жетишсиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков