Казакстан менен Венгрия санариптештирүү жана жасалма интеллект багытындагы мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууга кызыкдар. Бул тууралуу Мажилис спикери Ерлан Кошанов менен Венгриянын Мамлекеттик жыйынынын төрагасы Ласло Кёвердин жолугушуусунда айтылды. Тараптар соода-экономика, инвестиция, айыл чарбасы, транспорт-транзит, энергетика, маданий-гуманитардык тармактардагы өнөктөштүктүн келечегин да сөз кылышты. Бул – Ласло Кёвердин Казакстанга үчүнчү сапары. Бул өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон кызыгуусу жогору экенин айгинелейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

