К. Токаев KIA корпорациясынын президентин кабыл алды

К. Токаев KIA корпорациясынын президентин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаевге Костанайда автоунаа чыгаруучу толук циклдуу заводдун курулушунун жүрүшү тууралуу KIA корпорациясынын президенти Хоунг Сонг айтып берди. Объект 2025-жылы курулат деп пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга 90 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган. Заводдун долбоордук кубаттуулугу жылына 70 миң автоунаа чыгарууга эсептелген. Анын ичинде  майда тетиктерди кураштыруу ыкмасы менен 50 миң автоунаа чыгарылат, тагыраак айтканда, жергиликтүү өндүрүштүн үлүшү мүмкүн болушунча жогору болот. Муну менен катар, компания өлкөгө автоунаалардын тетиктерин дүйнөлүк деңгээлде алып келүү иштери менен алектенет. Мындай заводду Казакстандын аймагында куруу боюнча келишимге кол коюлду. Мамлекет башчысы Казакстанда автоиндустрия тармагын өнүктүрүүдө ата мекендик адистерди даярдоо сыяктуу республиканын өнөр жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков