Казакстандын чөлдүү аймактарында жаныбарлар менен канаттуулар, а түгүл кызыл китепке кирген «Келес» кескелдириги көбөйүүдө. Ата мекендик адистер бул жаңы тенденцияны жаныбарлар баш калкалоочу сөксөөл талаалардын кеңейиши менен байланыштырышат. Белгилүү болгондой, дарактын бул түрү гана кургак жана ысык аймактарда өсөт. 2-3 метр тереңдикте тамыр жайган сөксөөл кум көчкүлөрдү басып, топуракты эрозияга учуроодон сактайт. Башкача айтканда, чөлдүү жерлерде анын көчөттөрүн массалык түрдө отургузуу жана жашылдандыруу бир катар экологиялык көйгөйлөрдү чечет, дешет адистер. Республикада бул иш комплекстүү түрдө колго алынган. Маселен, Түркестан аймагында эле келерки жылы 10 миң гектарга жакын аянтка 12 миллиондон ашык сөксөөл отургузуу көздөлгөн.
Айдынбек Махашов, облусттук табигый ресурстар жана табият пайдаланууну жөнгө салуу башкармасынын башкы адиси:
- 21-22-23-жылдары үч жыл ичинде 51 500 гектар жерге 78 миллион түп бак-дарак отургузулду. Бул дарактардын басымдуу бөлүгү сөксөөл. Жалпысынан Түркестан облусунда токой отургузуу иштеринин эффективдүүлүгү орто эсеп менен 60-65 пайызды түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков