К.Токаев чет мамлекеттердин башчыларына ыраазычылык билдирди

К.Токаев чет мамлекеттердин башчыларына ыраазычылык билдирди

Касым-Жомарт Токаев суу ташкынына каршы күрөштө казакстандыктарга жана чет өлкө башчыларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Казакстан суу ташкыны каптаган учурда жардам берүүгө даяр экендиктери үчүн достук мамиледеги өлкөлөргө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет», - деп жазган Президент Instagram социалдык тармактагы баракчасына. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы бир дагы адам көз жаздымда калбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи. «Кыйын мезгилде элибиз кайрадан мыкты деңгээлде өзүн көрсөтүп, биримдиктин жана туруктуулуктун үлгүсүн көрсөткөнү кубандырат», - деп жазган Президент соцтармакта.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков