Казакстанда салык жана бажы тармагын реформалоо жүрүп жатат

Казакстанда салык жана бажы тармагын реформалоо жүрүп жатат

Казакстанда санариптик технологияларга жана көлөмдүү маалыматтарды талдоого негизделген салык жана бажы башкаруусунун масштабдуу реформасы уланууда. Премьер-министр Олжас Бектенов фискалдык саясатты өнүктүрүү жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Негизги басым – кызмат көрсөтүү, ачыктыкка, бизнеске жана жарандарга адилеттүү мамиле жасоого багытталган. Өлкөнүн мамлекеттик кирешелер комитети жаңы санариптик архитектурага өттү. Мисалы, эскирген 12 маалыматтык системанын ордуна 5 заманбап система киргизилди. Бул салык отчёттуулугун иштетүүнү тездетүүгө, кызмат көрсөтүү убактысын кыскартууга жана бизнес менен жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күндө санариптик кызматтар 1,7 миллионго жакын салык төлөөчүгө кызмат көрсөтөт, ал эми салык документтерин иштетүү убактысы бир сааттан бир мүнөткө чейин кыскарды. Кошумча нарк салыгы боюнча декларацияларды автоматтык түрдө алдын ала толтурууну, санариптик теңгени колдонуу менен салыкты санариптик кайтарууну, ошондой эле 74 булактан маалыматтарды бириктирген, тобокелдиктерди жана мыйзамсыз схемаларды даректүү аныктоого мүмкүндүк берген Big Data бирдиктүү аналитикалык платформасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча аналитикалык куралдар бюджетке 700 миллиард теңгеден ашык кошумча киреше алып келди. Ошол эле учурда, бажы башкаруусун санариптештирүү жүрүп жатат. Бул тармакта KEDEN маалыматтык системасын киргизүү негизги элемент болуп саналат.

Ержан Биржанов, Казакстан Республикасынын Каржы вице-министри:

- Бул транзитти жол-жоболоштуруу убактысын 30 мүнөттөн 10 мүнөткө чейин кыскартты жана чектеш көзөмөлдөөчү кызматтар менен 1 терезе принцибин камсыз кылды. Чек арада адам факторун азайтуу максатында жасалма интеллектти колдонуу менен чечимдер киргизилип жатат. Азыр жасалма интеллект рентгендик сүрөттөрдү талдоо үчүн колдонулууда, мындан ары жасалма интеллектти колдонуу менен мындай чечимдер кеңейтилет. Санариптештирилген маалымат базасы жана аналитиканын эсебинен – өткөн жылы кошумча 115 млрд теңгеге бажы төлөмдөрү чегерилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков