Жасалма интеллект жана маалыматтарды башкаруу. Коркыт Ата
атындагы Кызылорда университети менен Сеул улуттук илим жана технология
университети 2025-жылдан тарта бул багыттар боюнча адистерди даярдоо боюнча
биргелешкен программаны ишке киргизет. Келишимдин алкагында студенттер алгачкы
төрт семестр Казакстанда, андан соң Кореяда дагы ушундай эле мөөнөттө билим
алышат. Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр кош дипломдун ээси болушат.
Нурлан Күлмырзаев, жасалма интеллект институтунун мүдүрү:
-Коркыт ата атындагы Кызылорда университети менен Сеул улуттук илим жана технология университети биргеликте мамлекет тарабынан 100 грант берилип жатат. Бул өз кезегинде биздин студенттерге SeoulTechдин эң күчтүү IT программаларынан жана күчтүү профессорлорунан билим алууга мүмкүнчүлүк берет.
Келечегин IT индустриясы менен байланыштыргысы келген
талапкерлер бул алмаштыргыс мүмкүнчүлүк экенин жакшы түшүнүшөт.
Тимур Джусаруб, абитуриент:
-Мен быйыл бүтүрдүм. Математика жана информатика предметтерин тандагам. Айлтс 5,0 сертификатын алдым. Мен Коркыт Ата университетинин алдында түзүлгөн Жасалма интеллект институтунда окугум келет. IT кесибин тандадым.
Биргелешкен долбоордун алкагында инженердик-техникалык
адистиктер боюнча магистранттарды жана докторанттарды Сеулдагы алдыңкы
технологиялар институтунун филиалында окутуу пландалууда. Кошумчалай кетсек, «Woosong»
университети келерки жылы өлкөдө компьютердик программалоо жана кибер
коопсуздук боюнча кампусун ачууну көздөп жатат. Анын бүтүрүүчүлөрү Корея
Республикасында иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле ата мекендик
окумуштуулар бул өлкөнүн алдыңкы университеттеринде жана илимий комплекстеринде
такшалмадан өтө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков