Астанада
бардык деңгээлдеги маслихат депутаттарынын III республикалык форуму өттү.
Борборго аймактардан 2 миңден ашуун өкүл келди. Иш-чарага Касым-Жомарт Токаев
катышты. Казакстандын президенти өкүлчүлүктүү бийлик органдарын чыңдоо
мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон кала берерин
белгиледи. Маслихаттар өлкөнүн негизги институттарынын бири, ишти улантуу зарыл
деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Аймактар өз бюджетин кылдат пландаштырып, кирешелерди
көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул үчүн, президенттин пикиринде,
акимчиликтердин алдындагы каржы комиссиялардын курамына маслихат депутаттары
кириши зарыл.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Быйылкы
жылдан баштап айылдык округдардын бюджетине кошумча киреше булактар, кеңири
таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жер астындагы сууларды пайдалануу,
дарылык баткак үчүн салыктар түшө баштайт. Бул туура логика: киреше ал иштеп
жаткан аймактардын өнүгүшүнө салым кошуусу керек. Кыскасы, региондор
уламдан-улам көбөйүп жаткан ресурстарды алууда жана алардын пайдаланылышына
тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылуу маслихаттардын милдети.
Президент
ошондой эле ушул жекшембиде өтө турган алдыдагы референдумду эске салды. Ага
коюлган Конституциянын долбоору жаңы бир палаталуу парламенттин депутаттары
пропорционалдуу принцип боюнча шайланарын карайт. Мамлекет башчысы
белгилегендей, дал ушул маслихаттар келечектеги кесипкөй Курултай үчүн кадрларды
даярдоочу жайга айланышы керек. Бул саясий партиялардын ролун күчөтүп, мыйзам
чыгаруу ишин жогорку деңгээлге чыгарат. Касым-Жомарт Токаев эл аралык күн
тартибине да токтолуп, дүйнө геосаясий соода согуштары күчөгөн баш аламандык
мезгилине киргенин баса белгиледи. Бирок Казакстан туруктуу өнүгүү динамикасын
сактап гана тим болбостон, улуттук өнүгүү стратегиясын ырааттуу ишке ашырууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жаңы
доор башталды жана биз прогрессивдүү улут катары заманбап чакырыктарга
ийгиликтүү ыңгайлашып, аларга өзүбүздүн жаратмандык дараметибиз менен каршы
турушубуз керек. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалардын максаты бир
гана – бул мамлекетибиздин көз карандысыздыгын жана суверенитетин бекемдөө, жарандардын
укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, элдин бакубаттуулугун жакшыртуу.
Касым-Жомарт Токаев Жаңы Конституциянын
текстин даярдоого түздөн-түз катышып, анын ар бир бөлүмүнө жана ар бир
беренесине көңүл бурган. Президент адамдын укуктарын жана эркиндиктерин
коргоого арналган бөлүм эң көлөмдүү болуп, анда 30 берене камтылганын баса
белгиледи. Бул Баш мыйзамдын дээрлик үчтөн бирин түзөт. Дагы бир так бекитилген
жаңы норма – бийликтин бирден-бир булагы жана эгемендүүлүктүн ээси – Казакстан
эли экендиги айтылат. Жалган куран айынын 15де ар бир казакстандык тарыхый
учурга катыша алат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жекшемби
күнү элибиз өз тандоосун жасайт. Албетте, бул референдум Казакстандын тарыхында
өзгөчө орун алат. Эгерде жарандар Баш мыйзамдын долбоорун колдосо, өлкөдө узак
мөөнөттүү туруктуу өнүгүүнү камсыз кылган түп-тамырынан бери жаңы, кыйла
натыйжалуу саясий система курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

