Казакстанда президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Маселен, Алматыда шайлоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн добуш берүү күнү сурдо-котормочулар иштеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга инва-таксилер кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда аймактык шайлоо комиссиясында өткөн кеңешмеде сөз болду. Ошону менен бирге шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоо участкаларында материалдык-техникалык шарттарды камсыз кылуу эрежелери абдан маанилүү экени айтылды. Белгилей кетсек, шайлоо күнү Алматыда 600 шайлоо участогу ачылат.
Константин Петров, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары
«Добуш берүү күнү» тренингин өткөрөбүз. Башкача айтканда, добуш берүү күнү участкалык шайлоо комиссиялары жүргүзгөн бардык процедураларды талдап чыгабыз. Алдыдагы добуш берүүгө даярдыктын жүрүшүнө көз салуу үчүн бир катар шайлоо участокторуна барабыз.
Ал эми Жетису аймагында «Партиясыз көзөмөлдөө борборунун» 836 өкүлү шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салууга ниеттенүүдө. Алар бардык шайлоо участкаларында иштешет. Алардын милдеттери жана укуктук абалы атайын окуу сессияларында талкууланды.
Жанат Төлемисова, «Партиясыз көзөмөлдөө борбору» Жетису облусттук бөлүмчөсүнүн башчысы
Алар өздөрүнүн координаторлору менен райондордогу аракеттердин алгоритми боюнча иш алып барат. Бул шайлоо бардык эл үчүн маанилүү окуя экендиги баарыбызга белгилүү. Ошондуктан бул борбор жана биздин байкоочулар шайлоонун мыйзамдуу жана ачык өтүшүнө салым кошот деп пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков