Ага Казакстандын президенти тар жана кеңейтилген курамда төрагалык кылды. Бул иш-чара КМШнын коронавирустук пандемиядан кийинки биринчи толук кандуу саммити болуп, ийгиликтүү өткөнүн Касым-Жомарт Токаев баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Кол коюу процесси аяктады. Биздин жолугушуубуз жемиштүү болду деп айтууга толук негиз бар. Документтерди кабыл алуудан тышкары, делегация башчылары, КМШ алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча талкуулар өткөрүлдү. Айтылган конструктивдүү сунуштар каралып чыккан документтер менен бирге КМШ мейкиндигинде кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кылары шексиз. Бул жалпы максаттарга жооп берет.
Белгилей кетсек, КМШга мүчө-мамлекеттердин башчылары 2023-2025-жылдарга терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасын бекитишти. Дагы эки документ климат жана маданият тармагындагы кызматташуу боюнча билдирүүлөрү болду. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү боюнча келишимге кол коюлду. Мекемелердин кызматтарын жана инвестициялык ишмердүүлүктү эркин соодалоо, КМШда байкоочу жана өнөктөш статусун белгилөө, документтерди даярдоо боюнча келишимдин долбоорун активдештирүү чечими кабыл алынды. Шериктештикке төрагалык кылуу эстафетасы Кыргызстанга тапшырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков