Казакстан менен Швейцария логистика, агроөнөр жай
комплекси, энергетика жана каржы тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө
ниеттенүүдө. Эки тарап өз ара биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар. Мындай
жыйынтыкты Женевадагы эл аралык соода форумунун катышуучулары билдиришти. Учурда эки тараптуу соода алмашуу 1,5 миллиард долларга
жакын, ал эми швейцариялык инвестициялардын көлөмү 36 миллиард доллардан ашты.
Инвесторлордун бири өлкөнүн бир катар аймактарында айыл чарба долбоорлорун ишке
ашырууда. Негизги көңүл сугат айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана заманбап
агротехнологияларды киргизүүгө бурулууда.
Алексей Заботин, «Harvest Agro»
компаниясынын соода жана бизнести өнүктүрүү боюнча мүдүрү:
– Биз пилоттук долбоорлорду
Казакстандын үч аймагында ишке киргиздик. Ал Кызылорда, Алматы жана Түндүк
Казакстан облустарында ишке ашырылып жатат. Алдыдагы убакта сууну үнөмдөөчү
технологияларга негизделген алдыңкы долбоорду Казакстандын тогуз аймагында
жалпы аянты 150 миң гектарга чейин кеңейтүүнү көздөп жатабыз.
Эл аралык өнөктөштөрдүн кызыгуусу, анын ичинде
Казакстандын ресурстук потенциалы менен да байланыштуу. Анын үстүнө жүргузүлүп жаткан реформалар Казакстандын
инвестициялык жагымдуулугун арттырууга, чет элдик өнөктөштөр тарабынан ишенимди бекемдөөгө жардам берет. Европа менен
Азияны байланыштырган транспорттук багыттарды өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда.
Казакстан бул системада маанилүү роль ойнойт жана Евразиянын негизги транзиттик
борборлорунун бири бойдон кала бермекчи.
Андреа Райсдорф, «Fracht Group»
логистикалык компаниясынын мүдүрү:
– Жалпы Ортоңку коридор – Европа же Евразия өлкөлөрүн Кытай менен байланыштырган дүйнөдөгү эң келечектүү долбоорлордун бири. Бул багыт боюнча айыл чарба же тоо-кен өнөр жай өнүмдөрүн Казакстан аркылуу транзит кылуу мөөнөтүн кыскартуунун көптөгөн жаңы ыкмалары бар. Казакстан Европага эң ири жети мунай жеткирүүчүлөрдүн бири.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

