Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдагандай, мыйзамга ылайык, бардык катталган талапкерлер мамлекеттик тилде алфавиттик тартипте фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлүп, ошондой эле, «Мен баарына каршымын» деген сап да киргизилген.
Шайлоо бюллетени шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы санынын 1% резерви менен даярдалат. Сунушталып жаткан шайлоочулардын тизмеси боюнча жалпы республикалык бирдиктүү шайлоо округунда 11 миллион 950 миң 485 шайлоочу бар. Эске сала кетсек, Казакстандын жарандары жетинин айынын 4үнөн баштап өз участокторунан маалыматтарын текшере алышат. Бул үчүн жергиликтүү администрациянын сайтына кирип же колл-борборго чалуу керек.
Нурлан Абдиров, БШК төрагасы:
Жетинин айынын төртүнөн 19у жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин жарандар өздөрүн тиешелүү шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесинен тактоого, ошондой эле башка шайлоо участогуна добуш берүүгө укук берген каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк алышат. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнү добуш берүү укугу катталбагандыгы жөнүндө күбөлүктү көрсөткөндөн кийин шайлоочуну өзү турган жер боюнча шайлоо участогунун тизмелерине киргизет.
Кошумчалай кетсек, өлкөнүн БШК катчысы Мухтар Ерман эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн келген байкоочуларды аккредитациялоо тууралуу кабарлады.
Мухтар Ерман, БШК катчысы:
Борбордук шайлоо комиссиясы 3 чет өлкөдөн 4 эл аралык уюм менен жалпысынан 76 байкоочуну каттады. 2022-жылдын тогуздун айынын 31ине карата Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитациядан өтүү үчүн 5 чет өлкөдөн жана 4 эл аралык уюмдан 63 байкоочу сунушталган. Байкоочулар жөнүндө маалыматтар аккредитациялоо боюнча бул сунуштар келип түшкөн сайын жаңыланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков