Акорда Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда боло турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады. Мамлекет башчынын чакыруусу боюнча Конго Республикасынын Президенти баш оона айынын 2-3дө Казакстанга расмий сапар менен келет. Баш оона айынын 7-8 күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өлкөгө мамлекеттик сапары пландалууда. Ошондой эле, 9да Астанада Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын алтынчы Консультативдик жолугушуусу өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков