Казакстан – Кытай: стратегиялык өнөктөштүк

Казакстан – Кытай: стратегиялык өнөктөштүк

Кытайдын Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун масштабдуу мааракелик саммити өттү. Ага Казакстандын Президенти да катышты. Бирок адегенде, Кытайга келгенден кийин Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жолдорун караштырышты. Казакстандын Президенти Си Цзиньпиндин активдүү колдоосу менен казак-кытай түбөлүк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Өткөн жылы эки тараптуу товар жүгүртүүнүн эң жогорку көрсөткүчү 44 миллиард долларга жетти. Ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Бээжин казак-кытай түбөлүк ар тараптуу өнөктөштүгүн тереңдетүүгө маани берерин белгиледи. Эки айдын ичиндеги экинчи жолугушуу эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин эң жакшы көрсөтүп турат. Кытай менен Казакстан – эл аралык кырдаалга карабастан, өз ара түшүнүшүү жана өз ара ишеним байланыштырган стратегиялык өнөктөштөр. Си Цзиньпин баса белгилегендей, тараптар бири-бирине колдоо көрсөтүүгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр.

Казакстанда Лу Бандын устаканаларынын ачылышы өттү

Эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстанда Лу Бандын устаканаларын ачуу аземи болуп өттү. Долбоор Мамлекет башчысынын квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча устаканалардын тажрыйбасын кеңейтүү боюнча тапшырмасынын алкагында ишке ашырылды. Белгилей кетсек, практикага багытталган окутуу платформалары Астанадагы Евразия улуттук университетинде жана Алматыдагы Логистика жана транспорт академиясында ачылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков