Казакстанда Кытай менен чек арада жаңы айланма жолу салынат

Казакстанда Кытай менен чек арада жаңы айланма жолу салынат

Казакстанда Кытай менен чек арасына жаңы айланма жол курулат. Премьер-министр Олжас Бектенов бельгиялык компаниянын башчысы Людо Саренс менен долбоорду ишке ашыруу планын талкуулады. «Нур Жолу» өткөрмө пунктун айланып өтүү транспорт кыймылына болгон жүктү азайтат. Узундугу 3 чакырым болгон жолдо салмагы 100 тоннадан ашкан чоң жүктөр өткөрүлөт. Анын алкагында кошумча автожол көпүрөлөрүн жана унаа токтотуучу жайларды салуу, тиешелүү инфраструктураны куруу каралган. Бүт объект компаниянын жеке инвестициялары аркылуу жүргүзүлөт. Анын жалпы баасы болжол менен 50 миллион долларды түзөт.

Людо Саренс, «Sarens» компаниялар тобу мүдүрлөр кеңешинин төрагасы, Бельгия:

- Азыр Кытайдан келген унаалардын көптүгүнөн тыгын болуп жатат. Долбоордун максаты-чек арада транспорттук кезекти болтурбоо үчүн чоң жүктөрдү кабыл алуу максатында маршрут боюнча өзүнчө жер тилкесин бөлүп берүү. Бул негизги өткөрүү пунктуна болгон жүктү кыйла азайтууга мүмкүндүк берет. Кытайдан жүк ташуучу унаалар, туристтер жана башка коноктор чек арадан тезирээк жана тоскоолдуксуз өтө алышат. Казакстан өкмөтү бул долбоорду толугу менен колдоп жатканына биз абдан кубанычтабыз.

Казакстанда кытайлык компания индустриалдык парк салынат

Олжас Бектенов кытай компаниясынын айыл чарба тармагындагы жетекчиси Ли Яньтао менен жолугушту. Анда өлкөдө индустриалдык парк куруу планы каралды. 70 гектар аянтта айыл чарба өнүмдөрүн терең кайра иштетүү ишканалары ишке киргизилет. Азыр жалпы кубаттуулугу жылына 50 миң тонна кургак жашылчаларды өндүрүү боюнча заводдун курулушу башталды. Инвестициялык долбоор Жетису жана Түндүк кошумча өндүрүштөрүн курууну да камтыйт. Даяр өнүмдү ички рынокко сатуу, АКШга жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнө экспорттоо көздөлүп жатат.

Ли Яньтао, Qingdao Wanlin Food CO. LTD. компаниясы мүдүрлөр кеңешинин төрагасы:

- Биз казакстандык рынокко, анын ичинде жашылчаларды терең кайра иштетүү тармагына инвестиция салуу чечимин кабыл алдык. Бул үчүн Түркестан облусу тандалды. Казакстан менен Кытай ортосундагы мамилелер бардык багыттар боюнча күч алууда. Өлкөдө айыл чарба тармагы жакшы өнүккөн. Биздин компания кайра иштетүү тармагында чоң тажрыйбага ээ. Бул өнөктөштүктү натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков