Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин VI саммити өттү

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин VI саммити өттү

Борбор калаада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин 6-саммити өттү. Жыйынга төрагалык кылган мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев экология маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошону менен бирге ал кеңешке мүчө өлкөлөрдүн экологиялык көйгөйлөрүн чечүү үчүн 2024-жылы Астанада жогорку деңгээлдеги конференция өткөрүүнү сунуштады. Президент азык-түлүк коопсуздугуна да токтолду. Бул жагынан советтин мейкиндигинде иштеген механизм керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Штаб-квартирасы Астанада жайгашкан Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму менен, Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин ортосунда кызматташтыкты түзүү келечектүү болот. Анын негизинде биздин мамлекеттердин айыл чарба потенциалын эске алуу менен, муктаж болгон өлкөлөрдү азык-түлүк жана жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча чараларды көрө алмакпыз.

Саммитке БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш видеокайрылуу жөнөткөн. Ал глобалдык кырдаалда мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимдин солкулдагандыгын айтты. Андыктан чыңалууну жөнгө салууда ийинден жөлөп иштеш керек дейт ал.

Антониу Гуттериш: БУУнун баш катчысы:

- Тынч жана гүлдөп жаткан Азия баарыбыз үчүн пайдалуу. Мен биздин өнөктөштүгүбүзгө, жалпы максаттарыбызга, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүгө, адам укуктарын, тынчтыкты, туруктуулукту жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө аракеттерине ыраазымын. Заманыбыздын кыйынчылыктарын бирге женип, Азиянын жана бүткүл дүйнөнүн жаркын келечегин камсыз кылалы.

Дүйнөдөгү 30 ири мегаполистин 21и Азияда жайгашкан. Дүйнөнүн Орто категориядагы керектөө көлөмү 30 триллион болсо, анын басымдуу бөлүгүн Азия өлкөлөрүнүн үлүшү түзөт. Жаратылыш ресурстары ар түрдүү жана арбын. Болгону акылдуулук менен колдонуу керек. Муну эске алып, президент Касым-Жомарт Токаев структураны толук кандуу эл аралык уюмга айландыруу жана институционалдык өнүгүүнүн жаңы этабына чыгуу мезгили келгенин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүн Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин негизи түзүлөт. Анын максаты - кеңештердин долбоорлорун тандоо жана аларды ишке ашыруу үчүн ыктыярдуу каражат чогултуунун атайын механизмдерин калыптандыруу. Ошондой эле жетекчилердин жана өнөктөштөрдүн саны өсүүдө. Түркмөнстан Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешине байкоочу өлкө катары кошулду. Евразиялык экономикалык биримдик жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен кызматташууну түзүү чечими кабыл алынды.

Азиядагы кызматташтык жана ишеним чаралары кеңешинин географиялык масштабы кеңейди. 1999-жылы 15 гана мамлекет мүчө болсо, 2019-жылы 27 мамлекет болгон. Бүгүнкү күндө Кувейт бул катарга кошулуп, 28 мамлекетти бириктирген таасирдүү күчкө айланды.