К.Токаев «мыйзамсыз активдерди мамлекетке кайтаруу тууралуу» документке кол койду

К.Токаев «мыйзамсыз активдерди мамлекетке кайтаруу тууралуу» документке кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтаруу боюнча мыйзамга кол койду. Документте ири коррупциянын субъекттерине жана олигополисттик топторго карата колдонулуучу бардык механизмдер көрсөтүлгөн. Активдерди кайтарып алуу мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде мониторинг жүргүзүү жана талдоо жүргүзүүчү атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Талдоолордун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу органда сатып алынган активдердин мыйзамдуулугуна негиздүү шектенүүлөр болсо, ал активдерди кайтаруу боюнча комиссияга мындай субъекттерди тиешелүү реестрге киргизүү боюнча сунуштарды берет. Эгерде жеке жак активдерге ээлик кылуунун мыйзамдуулугун ырастай албаса, анда андай активдер келип чыгышы боюнча түшүнүксүз деп таанылат. Мыйзамдын нормалары 44 миллиард теңге босогодон ашкан мүлкү барларга тиешелүү. Мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтарып берүү сот актыларынын негизинде ыктыярдуу же мажбурлоо жолу менен жүргүзүлөт. Казакстандын пайдасына болгон мүлк Атайын мамлекеттик фондго которулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков