Нур-Султанда «Конфессия аралык ынтымак – Казакстан эгемендүүлүгүнүн негизи» аттуу конференция өттү

Нур-Султанда «Конфессия аралык ынтымак – Казакстан эгемендүүлүгүнүн негизи» аттуу конференция өттү

«Конфессия аралык ынтымак – Казакстандын эгемендүүлүгүнүн негизи». Дал ушундай темада борбор калаада эл аралык конференция өттү. Анда жолугушкан серепчилер эгемен мамлекеттин бүгүнкү жетишкендиктери өлкөдөгү стабилдүүлүктүн натыйжасы деген пикирлерин айтышты. Казакстанда 130дан ашык улуттар менен этностордун, 20га жакын конфессиялардын өкүлдөрү тынчтыкта жашап, республиканын өнүгүшүнө теңдешсиз салым кошуп келет. Казакстандын конфессиялар жана улуттар аралык ынтымагы бүт дүйнөгө үлгү. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн ачкычы да ошол, - дейт Н. Назарбаев борборунун башкарма төрагасы Болат Сарсенбаев.

Болат Сарсенбаев, Конфессия аралык жана цивилизация аралык диалогду өнүктүрүү боюнча Н. Назарбаев борборунун башкарма төрагасы:

- Туруктуулук улуттар аралык ынтымакка, конфессиялар аралык келишимге алып келет. Ансыз өлкөнүн өнүгүүсү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Кандайдыр бир реалдуулук болгону жакшы. Туруктуу коомдо гана алдыга жыла алабыз. Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы күндөрдөн тарта өлкө жетекчилиги жана өкмөтү бул маселеге чоң көңүл буруп келет. Эгемендүүлүк жогорудан келген жөн эле белек эмес, албетте биз куттуу өлкөбүз. Бирок мунун баары талыкпаган эмгектин, өлкө жетекчилигинин, өкмөттүн эмгеги, элибиздин бул максаттарга жетүү жолундагы эмгеги.

Ошондой эле, спикер Казакстанда 18 жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы келерки жылдын аяк оона айынын 14-15 күндөрү өтөөрүн эске салды. Белгилей кетсек, курултай биринчи жолу 2003-жылы өлкөнүн Туңгуч Президенти – Эл Башы Н. Назарбаев тарабынан демилгеленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков