Бурабайда 13 өлкөдөн 800дөн ашык спортчу күч сынашат

Бурабайда 13 өлкөдөн 800дөн ашык спортчу күч сынашат

Бурабайда 13 өлкөдөн 800дөн ашык спортчу күч сынашат. Алар эл аралык кроссто чуркап, ачык сууда сүзүшөт. Улуттук парктагы иш-чараны көрүү үчүн 100 миңдей адам келет. Атаандаштар 12 жана 35 километр аралыкка чуркашат. Ал эми сууда сүзүү боюнча мелдеш Кичи Шабак көлүндө өтөт. Белгилей кетсек, катышуучулар спорттук мелдештерде өз бактысын сынап тим болбостон, курорттук аймактагы таштандыларды чогултууга да көмөктөшөт. Ошентип уюштуруучулар экологияга көңүл буруп, сергек жашоого үндөшөт.

Даниель Сержан, УУЛУ "Kazakh Tourism" АК улуттук компаниясынын башкаруучу мүдүрү:

- Дүйнөдөгү эң чоң марафондорду алып карасак, ага 50 миңге чейин адам катышат. Ал эми келген күйөрмандардын саны бир нече жүз миңге жетет. Натыйжада, аларды колдоого жана чет элдик меймандарды тартууга болот. Казакстандыктар гана эмес, чет элдик туристтер да келишет.