Казакстандык домбрачылар эл аралык ири музыкалык фестивалга Казакстандын атынан барат. Музыкалык иш-чара аяк оонанын 20-24-күндөрү Испанияда өтөт. Анда Темирлан Олжабай менен Ернат Наурыз эки чыгарма аткармакчы. Алар биринчи турда италиялык улуу скрипкачы Никколо Паганининин «Каприс №24» чыгармасын, экинчи турда музыкалык дүйнөнүн тарыхында биринчи жолу «Так талаш» белгилүү фильмине жазылган саундректи домбра менен аткарышат. Күүчүлөр бул унутулгус көз ирмем болоорун убада кылышууда. Пандемияга байланыштуу 1-тур онлайн-режимде өтөт.
Темирлан Олжабай, домбрачы:
- Бул фестиваль жыл сайын Испанияда, Коста Бравада өтөт. Быйыл биз Казакстан мамлекетин тааныштыруу үчүн чакыруу алдык. Албетте бул чакыруу биз үчүн чоң сыймык. Биз ал жакка музыкалык конок жана сынак катышуучусу катары бараабыз. Андыктан биз үчүн бул чоң жоопкерчилик болот. Алдыда бардыгын таң калтырабыз деп ойлойм.
Айтмакчы, жаш, таланттуу домбрачылар Токиодогу Олимпиада оюндарында Казакстандын маданият элчилери болуп саналат. Белгилей кетсек, «Темирлан-Ернат» дуэти 2017-жылы түзүлгөн. Андан бери алар Golden Time Talent сынагынан тышкары, АКШда эл аралык кароо-сынакта алтын медаль жеңген, Түркия, Израилде, Европа шаарларында күү чертишкен, Димаш Кудайберген менен Кытайдагы концертке дагы катышышкан. Музыканттар өздөрү үчүн казак улуттук аспабын бүткүл дүйнөгө жайылтуу жана угармандарга домбранын кайталангыс добушун угуу мүмкүндүгүн тартуулоо башкы максат экенин айтышат.
Которгон: Субанбек Исмакеев