Францияда белгилүү казак сүрөтчүсү Карыпбек Күйиковдун антиядролук темадагы көргөзмөлөрүнүн сериясы уланууда. Страсбургдагы Европа Кеңешинде башталган экспозициялык акция кийинчерээк жергиликтүү университетке көчүрүлүп, андан соң Казакстандын Париждеги элчилигинде, Сенатта жана Ренн-Алматыда коомчулуктун назарына тартууланды.
Карипбек Күйиков, сүрөтчү:
- Бул темада унчукпай отура бербешибиз керек, мындан ары эмне болот, аны ким баштайт дегенге кайдыгер карабоо маанилүү. Жаман ишти колдогондор да бар. Бирок аларга каршы турушубуз керек. Мындай коркунучту көргөн ар бир акыл-эси соо адам анын алдын алуу үчүн колунан келгендин баарын жасашы керек - деп эсептейм.
Карипбектин Франциядагы Семей полигонуна байланыштуу жеке тарыхы эч кимди кайдыгер калтырган жок. Анын чыгармаларында уникалдуу сүрөттөө ыкмасында аткарылган кол тамгасы менен катар, жер бетинде адамзаттын бейпил жашоосу үчүн кам көргөн жан дүйнөсүнүн сырын даана көрүүгө болот.
Пьер Лоран, сенатор:
- Мен бул иш-чараны көптөгөн жылдар бою ядролук куралсыздануу үчүн талыкпай күрөшүп келе жаткан казак досубуз менен бирге өткөрүп жатканыма өзгөчө сыймыктанам. Анткени биз Францияда ядролук куралсыздануу боюнча келишимге кол коюу үчүн күрөшүп жатабыз. Жакшы кыймылды колдоо максатында жакында Сенаттын, Улуттук Ассамблеянын, Европарламенттин ар кандай саясий агымдардан түзүүгө киришебиз.
Ролан Ниве, Тынчтык кыймылынын башкы катчысы:
- Бул ийгиликтүү өнөктөштүктү улантууну каалайбыз. Карипбектин уникалдуу чыгармалары сүрөтчүнүн кызыкчылыгы үчүн биздин санариптик галереяда же тынчтык кыймылынын дүкөнүндө коюлат. Максат - анын дүйнөлүк деңгээлде алдыга жылдырган нерсеге өз салымыбызды кошуу.
Белгилей кетсек, Карипбек Күйиковдун сүрөттөрү Швейцария, АКШ, Австрия жана Жапонияда көргөзмөгө коюлуп, дүйнөнүн чар тарабын кыдырып жүрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков