Казакстандык музыкант Иманбек Зейкенов «Жылдын ачылышы» наамы боюнча GQ эркектер журналынын жылдык сыйлыгына көрсөтүлдү. Жаш жигит буга чейин «Грэмми» сыйлыгынын ээси болгонун белгилей кетүү керек. Иманбек SAINt JHNдин «Roses» ырына ремикс жасагандыгы үчүн атайын статуэткага ээ болгон. Белгилей кетсек, атак-даңкка жеткенге чейин ди-джей Аксуу шаарында жөнөкөй темир жолчу болуп иштеген.
Ошол эле учурда, дагы бир стенд-ап куудул Өскемендик Евгений Чебатков GQ «Экрандын жүзү» сыйлыгынын наамына, ал эми павлодардык Скриптонит «Жылдын мыкты музыканты» номинациясына көрсөтүлдү. Мыкты продюсер белгилүү казакстандык режиссер Тимур Бекмамбетов болушу мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков