Казакстан Кыргызстан менен агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташууну кеңейтүүнү пландоодо. Эки өлкө тең мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар. Айыл чарба министрлиги белгилегендей, өзгөчө мал чарбачылыгында тыгыз экономикалык кызматташтыкты түзүү, агроөнөр жай комплексинин продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү биргелешип өнүктүрүү, генетикалык материал менен алмашуу жана үрөн соодасын өнүктүрүү маанилүү. Ошондой эле ветеринария жана фитосанитария тармагында биргелешкен комплекстүү пландар бар. Тараптар айыл чарба продукциясын өз ара соодалоонун көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Казакстан айыл чарба малдарын экспорттоого чектөөнү алып салгандан кийин, Айыл чарба министрлиги Кыргызстанга асыл тукум малды жана асыл тукум материалды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууга даяр. Белгилей кетсек, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы айыл чарба продукциясынын жүгүртүүсү 2022-жылдын 8-айынын аягына карата 9 пайызга өсүп, 159 миллион теңгеге жеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков