Казакстан менен Өзбекстандын ишкерлери млн долларлык келишимдерге кол коюшту

Казакстан менен Өзбекстандын ишкерлери млн долларлык келишимдерге кол коюшту

Казакстан менен Өзбекстан Астанадагы бизнес форумда 43 жарым миллион долларлык келишимге кол коюшту. Ага эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын 400дөн ашык өкүлдөрү келишти. Аянтчада ошондой эле B2B форматында жолугушуулар болуп, анда ишкерлер айыл чарба, соода, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, курулуш тармактарындагы өнөктөштүк талкууланды. Кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Анын ичинде перспективалуу меморандумдардын бири - лифт индустриясы жаатында.

Ержан Игибаев, Казакстандын улуттук лифт ассоциациясынын президенти:

– Биз кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койдук. Бул меморандумдун алкагында биз лифттерди өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү мерчемдеп жатабыз. Ошондой эле Казакстандын лифт паркынын абалын диагностикалоо үчүн диспетчердик борборду түзүү тууралуу макулдаштык жана биздин лифт тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшырта турган бирдиктүү стандарттарды жана техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча пландарыбыз бар.

Сарвар ахадов, Өзбекстандын технопарктынын башкы директору:

– Бүгүнкү күндө Өзбекстан өз республикаларында жакшы тажрыйбага ээ. Биз Казакстандык өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даярбыз. Жакшы инвестициялык климатты жана биздин тажрыйбаны эске алабыз. Бул Казакстандык керектөөчүлөрдүн жыргалчылыгы үчүн иштей турган жакшы кызматташтык болот деп ойлойм.

Буга чейин бизнес-форумдун талааларында Казакстан менен Өзбекстан 34 миллиард долларга жакын инвестдолбоорду жана 7 жарым миллиард доллардан ашык суммадагы соода келишимдерин биргелешип ишке ашыруу тууралуу макулдашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков