Казакстандын унаа
жасоо өнөр жайы тынымсыз өсүп жатат. Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүш тармагынын
көрсөткүчтөрү 28%га өскөн. Ошол эле учурда республикада жаңы автоунаа өндүрүшү жигердүү
иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өнөр жай жана курулуш министри
билдирди. Канат Шарлапаев 2023-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалган
негизги долбоорлорго токтолду. Алардын бири - Костанай облусунда 30 миңге чейин
жаңы үлгүдөгү унаалар чыгарылат. Ошондой эле, бештин айында атайын таштанды
чыгаруучу заманбап заводду ишке киргизүү мерчемделүүдө. Ишкананын кубаттуулугу
400 миң тоннаны түзөт. Мындан тышкары, министр атайын экономикалык жана өнөр
жай аймактарында жайгашкан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу
маалымдады.
Канат Шарлапаев,
өнөржай жана курулуш министри:
-Бүгүнкү күндө эки
атайын экономикалык аймакта тең жыйырма төрт миң туруктуу жумуш ордун түзүүчү 8
триллион теңгелик үч жүз жыйырма беш долбоор ишке ашырылды. Өнөр жай аймактарынын
тегерегинде жалпы суммасы тогуз жүз
миллиард теңгеге жакын эки жүз жыйырма алты долбоор пайдаланууга берилди. Он
эки миң туруктуу жумушчу орун түзүлдү. Мындан тышкары үч жүз кырк алты кошумча
долбоор жүзөгө ашырылууда.
Ошондой эле, министрдин
айтымында, Казакстанда «Чакан өнөр жай зоналары» долбоорун ишке киргизүү боюнча
иштер жүрүп жатат.Долбоордун алкагында ишкерлерге даяр өндүрүш жайларын куруу
үчүн жеңилдетилген насыялар берилет. Бул имараттар өлкөнүн бардык аймактарында
курулуп, анда кайра иштетүү тармагындагы чакан жана орто бизнестин субъекттери
гана жайгашат. Өкмөт башчынын айтымында, аталган тармак ар бир өлкө үчүн
негизги индустриалдык өнүгүү болуп саналат.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
-Үстүбүздөгү жылдын
8 айынын жыйынтыгы боюнча тармакта өндүрүштүн өсүшү 4 пайыздан ашты. Негизги
капиталга инвестиция болжол менен 810 миллиард теңгени түздү. Кайра иштетүү
тармагында эң жогорку үлүш металлургия өнөр жайына, унаа жасоого жана тамак-аш
өндүрүшүнө таандык. Индустриялаштыруу картасынын алкагында жогоруда
айтылгандар, металлургия жана башка тармактарда 170 долбоорду ишке киргизүү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков