Казакстан тоо-кен металлургия комплексинин инвестициялык тартымдуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Бул үчүн Өкмөт жакынкы жылдарда бир катар чараларды колго алмакчы. Бул минералдык-чийки зат базаны толуктоо, жер казынасын пайдалануучулардын бирдиктүү платформасында бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрүү жана автоматташтыруу, негизги металлдарды даяр өнүмдөргө кайра иштетүүнү тереңдетүү маселелери. Министрлер кабинетинин отурумунда тармакты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Алихан Смаиловдун айтымында, мамлекет тарабынан пландаштырылган чаралар жана бизнестин конструктивдүү сунуштары келерки беш жылдыкка тармактык концепцияларда чагылдырылат. Муну менен катар индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Марат Карабаев республиканын ички дүң өнүмүндөгү тармактын үлүшү 8,5%ды түзөрүн белгиледи. Өткөн жылы тармакта жалпы баасы 232 миллиард теңге болгон 19 жаңы инвестициялык долбоор ишке ашырылган. Жалпысынан 11 айда өндүрүштүн көлөмү 11 триллион теңгеден ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков