Каржылык уюмдун эсеби боюнча, бул жааттагы көйгөйлөрдү туура чечүү менен облустун ички дүң өнүмүнүн өсүү ыргагы жылына 1,5%га артышы мүмкүн. Ошол эле учурда банк аталган тармакты, көп тараптуу эл аралык каржы уюмдарын, ошондой эле региондун өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн суу-энергетика комплексинин көйгөйлөрүн биргелешип чечүүгө чакырды. Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан республикалары бул тармактагы кызматташтыктын негизги принциптерин ырастаган биргелешкен билдирүүнү кабыл алууга ниеттенүүдө. Бүгүнкү күндө Борбор Азияны керектүү көлөмдөгү электр энергиясы жана суу менен камсыз кыла турган долбоорлордун тизмеси түзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков