Жакынкы күндөрү Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнү башкаруу тизгинин колуна алганына алты жыл толот. Ушул мезгилде Казакстан экономикалык өнүгүүдө олуттуу натыйжаларга жетишти. Өткөн жылы эле ички дүң өнүм 288 миллиард долларды түздү. Чийки эмес тармактар экономикалык өсүшкө түрткү болууда. Өткөн жылы эле кайра иштетүү тармагында 180 инвестициялык долбоор ишке ашып, жалпы суммасы 1,3 трлн теңгеге жетти. Президенттин тапшырмасы боюнча мунай жана газ химиясын интенсивдүү өнүктүрүү колго алынды. Акыркы алты жылда өлкөгө тартылган 130 миллиард доллардын жарымынан көбү өндүрүш тармагына багытталды. Ошентип, иштетилген өнүм экспорту көбөйдү. Алсак, 2024-жылы тышкы рынокко 81 жарым миллиард долларга жакын казакстандык товар келип түшкөн. Анын болжол менен 29 миллиард доллары кайра иштетилген өнүмдөргө тиешелүү. Бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе жогору.
Ошондой эле, ири транспорттук-логистикалык долбоорлор өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатат. Ошентип, 2019-жылдан бери деңиз транспорту менен ташуунун көлөмү 20%га өстү. Ошол эле учурда Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча казакстандык өнүмдүн экспорту 12 эсеге, ал эми транзиттин көлөмү 6 эсеге өстү. Белгилей кетсек, Казакстан IT кызматтар экспортун өстүрүүдө жана бул багытта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат. Акыркы беш жылда инновациялык өнүмдүн көлөмү эки эсеге көбөйүп, 1,1 триллион теңгеден 2,4 триллион теңгеге чейин өстү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

