Казакстанда балдардын билим алуусуна “Келечек” тутуму аркылуу каражат топтоо сунушталууда

Казакстанда балдардын билим алуусуна “Келечек” тутуму аркылуу каражат топтоо сунушталууда

Казакстанда балдардыелечек" билим берүү капитал системасы аркылуу алдын ала окууга топтоо сунушталууда. Жылдар бою чогултулган каражаттар келечекте колледждерде жана Университеттерде аларды окутууга жумшалышы мүмкүн. Алар казакстандык да, чет өлкөлүк да болушу мүмкүн. Эгерде бала грант алган болсо, анда топтолгон сумманы пайдалануунун бир нече варианты сунушталат. Бул каражатка турак жай сатып алууга, башка окууга өтүүгө, ал тургай - үчүнчү жакка которууга болот. Мажилис айрым мыйзам актыларына маалымат, коомдук өнүгүү, маданият жана архив иштери чөйрөсүндөгү ченемдерди ашыкча мыйзамдык регламенттөөнү алып салуу маселелери боюнча ушул жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды. Тармактык мекеменин өкүлдөрү анын "келечек" программасынын нюанстары жөнүндө кененирээк айтып беришти.  

Талгат Ешенкулов, Илим жана жогорку билим берүү вице-министри: 

- "Келечек" системасы - жогорку, кесиптик-техникалык жана ЖОЖдон кийинки билим берүү гана эмес, анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун кошумча инструменти болуп калат. бала 5 жашка толгон учурда, календардык жылга аталган топтоо эсебин ачкан учурда, эсепке автоматтык түрдө мамлекеттен балдардын бардык категориялары үчүн 60 АЭК, ата-энелеринин камкордугусуз калган балдардын категориялары үчүн 120 АЭК өлчөмүндө каражат түшөт. Мамлекеттик сый акы 5-7%ды камтыйт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков