Төрт казакстандык IT стартаптары эл аралык венчурдук фонддун betterfuture AI акселерация программасына катышуу үчүн тандалып алынды. Ошондой эле Грузия, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргызстандын дараметтүү долбоорлору кабыл алынды. Белгилей кетсек, Астана хаб аталган фонд менен өткөн жылы кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Келишим ата мекендик ойлоп табуучулардын ээлерине дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга жөндөмдүү чечимдерди сунуштайт. Муну менен катар катышуучулар каражат тартууга жана Борбордук Азия менен Кавказдын инновациялык дараметине кызыккан инвесторлордун кеңири тармагына кирүү үчүн мүмкүнчүлүк алат. Башкача айтканда, бул масштабдуу долбоор аймактын заманбап технологиялык экосистемасын өнүктүрүүгө багытталган. Техникалык, бизнес жана лидерлик сапаттарды камтыган окуу программасы 2 айга созулат.
Танат Өскембаев, ASTANA HUB башкаруучу мүдүрү:
- Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айында DOMiNO Ventures казакстандык GoDays долбооруна 490 миң доллар инвестиция салды. Жакында жасалма интеллект тармагындагы стартаптар үчүн акселератор үчүн тандоо жүргүзүлдү. Бул программага киргизилген заманбап иштеп чыгуулардын көбү казакстандык. Тагыраак айтканда, буга ата мекендик 4 стартап кирди. Ага жараша алар мыкты адистерден билимдерин өркүндөтүшөт. Кийинчерээк алар өздөрүнүн демилгелери менен 250 миң АКШ долларынан кем эмес инвестиция тарта алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков