Казакстан менен Нидерланды суу ташкындарына каршы аракеттенүү алкагында кызматташат

Нидерландыдан келген серепчилер Казакстанга болжолдоо жана алдын алуу системаларын иштеп чыгууда жана жакшыртууда, ошондой эле сел коркунучун башкарууда жардам берип жатышат. Адистер казакстандык кесиптештери менен биргеликте суу каптоо кесепеттерин алдын алуу жана азайтуу боюнча натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн өлкөгө үчүнчү жолу келишти. Атап айтканда, адистер маалымат жетишсиз болгон жана бардык аймактар жер үстүндөгү гидрометеорологиялык станциялар менен камтылбаган учурларда спутниктик маалыматтарды колдонууну сунушташты. Бул суунун кыймылын байкап гана тим болбостон, алыскы аймактарда анын көлөмүн баалоого мүмкүнчүлүк берет, дешет талдоочулар. Натыйжада, бул суу ресурстарын болжолдоо жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн бир топ жакшыртат. 

Фредерик Хутхофф, Ниедарландиялык тобокелдиктерди азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарда колдоо көрсөтүү тобунун лидери: 

- Казакстанда алдын алуунун белгилүү бир моделдери жана ыкмалары бар, бирок алар облустар боюнча кеңейтилиши мүмкүн. Биз азыр муну жасоонун эң жакшы жолун талдап жатабыз. Бул ошол эле учурдагы кырдаал жөнүндө так маалыматка ээ болуу жана физикалык, гидрологиялык процесстер жөнүндө билимди колдонуу боюнча.  Буга кошумча өзгөчө кырдаалдар жөнүндө эрте эскертүү - башкача айтканда сигналдарды кабыл алуу, анализдөө жана кесепеттерин азайтуу же көрүлө турган конкреттүү чараларды иштеп чыгуу. 

Галымжан Камбарбекова, суу ресурстарын пайдалануунун жөнгө салуу башкармалыгынын башкы адиси:  

Азыр биздин нидерланддык өнөктөштөр Казакстандагы гидрологиялык кырдаалды талдап жатышат. Алар бизге башка мамлекеттер, уюмдар жана мамлекеттик мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү тездетүүнү жана маалымат алмашуунун натыйжалуу формаларын киргизүүнү сунушташты. Бул чаралар мындай кырдаалдарга реакциянын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков