Баш оона айынын 29у ядролук сыноолорго каршы эл аралык күн. Бүгүнкү күндө Казакстандын куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдарды таркатпоо маселеси боюнча позициясы бекем. Бул принцип бир жагынан дүйнөлүк жана аймактык коопсуздукка салым кошсо, экинчи жагынан Казакстандын эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууда. Эл аралык уюмдар Казакстандын өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча дүйнөлүк процесстеги лидерлигин жогору баалайт.
Изуми Накамцу, БУУ баш катчысынын орун басары, куралсыздануу маселелери боюнча жогорку өкүлү:
– Казакстан ядролук куралсыздандыруу боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ядролук сыноолорго каршы эл аралык күндүн мааниси өзгөчө. Сиздердин мамлекет ядролук сыноолорго каршы демилге көтөрүп, ага каршы добуш бергендердин бири. Буга Семей полигонунун жабылышы далил. Кошумчалай кетсек, Казакстан өзөктүк сыноолорго толук тыюу салуу келишимин колдойт. Мындан тышкары, ал өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин экинчи даярдык жыйынына ийгиликтүү төрагалык кылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков