Казакстандын мыйзам
чыгаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү болжолдогон мамлекеттик
башкаруунун жаңы моделине өтүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Саясат таануучу Талгат
Калиев белгилегендей, жаңы конституциянын долбоорунда сунушталган ченемдер
бийликтин жаңыланган архитектурасын түзөт. Ал эми ыйгарым укуктарды кайра
бөлүштүрүү саясий институттардын туруктуулугун жогорулатат. Серепчи жаңыланган
Баш мыйзамдын негизги жоболорун белгиледи. Алардын арасында - бир палаталуу
парламент - Курултайды түзүү, вице-президенттин кызматын киргизүү, Элдик
Кеңешин түзүү.
Талгат Калиев, саясат
таануучу:
– Сунушталып жаткан
Конституция мамлекетти башкаруунун жекече моделинен институционалдык моделге
толук өтүүнү болжолдойт. Башкача айтканда, бийлик адамдык факторго, конкреттүү
кызмат адамына эмес, институттарга жана процедураларга негизделет. Бул алда
канча туруктуу система. Элдик Кеңешинин түзүлүшү, анда жарандык коом,
этно-маданий бирикмелер жана маслихаттардын өкүлдөрү аркылуу региондор
көрсөтүлөт, ошондой эле жаңы, татаалыраак моделди түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

