Казакстандын Кызылорда аймагында тропикалык гүлдөр өстүрүлүүдө

Казакстандын Кызылорда аймагында тропикалык гүлдөр өстүрүлүүдө

Казак пенсионери экзотикалык өсүмдүктөрдү климатташтырууда. Кызылорда облусунун тургуну Ыбырайхан Мусабаев 15 жылдан бери тропикалык мөмө-жемиштерди жана гүлдөрдү өстүрүү менен алектенет. Алар 40 градустан жогору температурага туруштук беришет. Анын бакчасында аймакта өспөгөн өсүмдүк түрлөрү бар. Тропикалык өсүмдүктөрдөн сырткары кадимки пальма дарагы жайкалып турат. Ал тургай анар дагы  абдан жакшы тамыр жайган.


Ыбырайхан Мусабаев, багбан:


- Гүлгө биринчи кезекте адамдын маанайы керек. Чын көңүлдөн, чын жүрөктөн мамиле кылуу керек. Эгип коюп, караганы менен өспөйт. Мунун да тирүү жаны бар. Адамды кандай карасаң муну да ошондой кароо керек.


Пенсионердин сүйүктүү иши көп түйшүктү талап кылат. Бардык өсүмдүктөр тамыр жайбагандыгына карабастан, ийгиликсиздиктер аны токтотпой, алдыга умтулууга мажбурлайт. Аксакал тажрыйбаларын улантып, аракети жемишин берип жатат. Ыбырайхан Мусабаевдин жайнаган гүлдөрү, жыпар жыттуу жемиштери кимди болбосун кубандырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков