Республика күнү-көз карандысыз жана светтик укуктук мамлекетти түзүүгө жол ачкан Казакстандын Улуттук макамынын майрамы. Мындан туура 34 жыл мурда кабыл алынган мамлекеттик Эгемендик тууралуу декларация улутуна, жынысына, диний жана саясий ынанымдарына карабастан өлкөнүн бардык жарандарынын кызыкчылыктарын жана укуктарын бирдей коргоону камсыз кылган. Документ саясий партиялар, коомдук, илимий жана диний бирикмелер сыяктуу ар кандай маанилүү институттардын өнүгүшүнө жол ачты. Башкача айтканда, бир түндүктүн астында, элдин тынчтыкта жашоосун, улуттардын биримдигин чагылдырган өзгөчө маданиятты жана салттарды, тилди жана динди өнүктүрүүгө негиз салган. Ата Мекендик серепчилер дал ушул күнү Казакстандын руханий жаңылануусуна жол ачылганын белгилешет.
Ленар Берикбаев, Президент алдындагы КСИИ бөлүм башчысы:
– 1990-жылы көз карандысыз "Казакстан муфтияты" түзүлдү. Кийинчерээк Алматыдагы Вознесенский жана Никольский ибадатканалары, Орус православ чиркөөсүнө берилген. Жарандар диний ишеним укугуна ээ болушту. Биздин өлкөгө дүйнө жүзү боюнча миссионерлер келе баштады. Башкача айтканда, Казакстандын руханий ренессансы башталды десек болот. Республика күнү-өлкөдөгү жалгыз улуттук майрам. Ушул сыяктуу көп сандаган мамлекеттик майрамдар ар кандай конфессияларды жана этносторду жакындатууга, диалог түзүүгө жана толеранттуу, тынч Казакстандын келечектеги гармониялуу өнүгүүсүнө кызмат кылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков