«Digital Qazaqstan» стратегиясы 2026-жылы сунушталат

«Digital Qazaqstan» стратегиясы 2026-жылы сунушталат

Digital Qazaqstan стратегиясы өлкөдө 2026-жылы сунушталат. Долбоорду иштеп чыгуу 2025-жылдын аягына чейин бүтүшү керек. Белгилей кетсек, стратегия республикада масштабдуу санариптештирүүгө жана жасалма интеллектти толугу менен киргизүүгө багытталган. Ошондуктан адистер бардык мурунку санариптик ыкмаларды кайра карап чыгып, AI-технологияларын бардык жерде киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жаңы ыкмаларды киргизүүнү көздөшүүдө. Документти иштеп чыгууда адистер эл аралык тажрыйбаны колдонушат. Digital Qazaqstan стратегиясы 10 багытты камтыйт деп белгиленет. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо, санарип экономика жана мамлекеттик кызматтар, ошондой эле робототехника жана стартаптардын экосистемасына тиешелүү болот. 

Бахтияр Мухаметкалиев, санарип өкмөттү колдоо борборунун башкы мүдүрү: 

- Бул 4 багыт биздин өлкөгө түздөн-түз социалдык жана абдан маанилүү экономикалык өсүш берет. Ал эми калган 6 багыт – бул пайдубал, технологиялык секирик жасоо мүмкүн эмес болгон базис. Мен дагы белгилегендей, маалыматтар менен иштөө, маалымат борборлору, системалар, инфраструктура, киберкоопсуздук боюнча баарын кайра карап чыгышыбыз керек. Digital Qazaqstan программасына биз бир нече этаптарды киргизип жатабыз. Биринчиси, азыркы болуп жаткан окуяларга анализ жүргүзүү. Биз азыр эле ушуну менен алектенип жатабыз. Экинчиси, ал жакка киргизүүгө тийиш болгон технологиялык өзгөрүүлөр, башкача айтканда, эскирген, бирок дагы деле колдонулуп жаткан технологиялар. 

Серепчилердин айтымында, Стратегияны ишке ашыруу жасалма интеллекттин эсебинен экономикалык өсүштү тездетет. Өлкөдө жогорку технологиялык тармактар пайда болот. Мындан тышкары, процесстерди автоматташтыруунун жана санариптик сервистерди киргизүүнүн аркасында эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү мөөнөттөрү кыскарат. Жалпысынан, Digital Qazaqstan стратегиясы өзүнчө KPI жана ишке ашыруу мөөнөттөрү менен улуттук долбоорлордун системасына негизделет. 

Бахтияр Мухаметкалиев, санарип өкмөттү колдоо борборунун башкы мүдүрү: 

- Бизде 300 долбоордон турган топтом бар. Бирок алар, мисалы, тар профилдеги, өтө терең мүнөздөгү, мен айткандай, кандайдыр бир багыттар боюнча. Эми аларды абдан сабаттуу жана сапаттуу талдоо, бардык талаптар менен иштеп чыгуу маанилүү. Экинчиси, аларды улуттук долбоорго - бириктирүү керек. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков