Казакстанда окуучулар үчүн өндүрүштүк экскурсиялар уюштурулду

Казакстанда окуучулар үчүн өндүрүштүк экскурсиялар уюштурулду

Казакстанда мектеп окуучулары үчүн кесипке багыт берүүчү экскурсиялар уюштурулат. Серепчилердин пикири боюнча, мындай жол жаш муунга келечектеги кесип тандоодо жаңылышпоого жардам берет. Шакирттер ширетүүчү, наабайчы, инженер сыяктуу рынокто талап кылынган кесиптердин сырлары менен тааныша алат. Мисалы, костанайдагы балдар унаа чогултуу заводуна барышты. Аларга өндүрүш жараяны толугу менен көрсөтүлдү. Ишканада киргизилип жаткан алдыңкы технологиялар менен өз көзү менен таанышкан окуучулар таанып-билүүчүлүк иш-чарадан өзгөчө таасир алышканын айтышат.

Ерасыл Алтайыр, окуучу:

- Азыр ичинде компьютери бар унаалар жасалып жатат. Аларды программалык жактан камсыздоо керек. Келечекте бул жерде иштеп, компьютердик программаларды орнотуу менен алектенгим келет. Мага унаанын ички түзүлүшү, анын кандай иш аткарганы абдан кызыктуу. Анткени мен да өсүп жатам, мага да унаа керек болот. Ошондуктан бул тармакты жакшыраак түшүнүшүм керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков