Казакстанда окуу китептери 100% санарип форматка өттү

Казакстанда окуу китептери 100% санарип форматка өттү

Казакстанда бардык окуу китептер санарип форматына өттү. Алар мамлекеттик сынактан ийгиликтүү өтүп, окуу-методикалык комплекстердин тизмесине киргизилди. Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, санариптик окуу китептери өлкөдөгү 13 басмакананын 11 платформасында иштелип чыккан.

Майра Мелдебекова, Илим жана жогорку билим берүү министрлиги комитети төрагасынын орун басары:

– Орто билим берүү сабактарына арналган бардык окуу китептери 100% санарип форматына өттү десек болот. Бул – мультимедия, анимация, видео роликтер. Ошондой эле бардык предметтер боюнча виртуалдык лабораториялар. Учурдун талабына ылайык бардык маалыматтык технологиялар, электрондук окуу китептер санариптик окуу процессинде колдонулушу мугалимге сабакты ар тараптан кызыктуу, жеткиликтүү жана кеңейтип өтүүгө мүмкүндүк берет.

Муну менен катар Казакстанда робототехника, STEM, химия, физика, биология предметтери боюнча 1345 заманбап класстарды ачуу иштери уланууда. Жылдын аягына чейин республиканын миңден ашык мектептери заманбап класстык кабинеттер менен жабдылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков