15-марта Казакстан үчүн тарыхый күн

15-марта Казакстан үчүн тарыхый күн

Парламент Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев жаңы Конституцияга байланыштуу республикалык референдумда добуш берди. Палата Спикери өз тандоосун Улуттук китепкананын имаратында жайгашкан добуш берүү участкасында жасады. Маулен Ашимбаев саясий өнөктүктүн тарыхый маанисине токтолду. Ар бир добуштун маанилүү экенин жана ал жогорку атуулдук жоопкерчиликтин айкын көрүнүшү саналаарын белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

– Бийликтин башаты – эл. Ошондуктан бүгүн жарандарыбызга бул укуктарын ишке ашырууга бир жагынан, экинчи жагынан мамлекетибиздин стратегиялык өнүгүүсүнө байланыштуу өз пикирлерин билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондой эле президенти биздин «Эл үнүнө кулак салган мамлекет» концепциясынын ишке ашырылышын дагы бир көрүнүшүн көрүп жатабыз.

Саясий өнөктүккө катышуу – өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү кадам. Мындай пикирин Казакстандын жаңы Баш мыйзамын кабыл алуу боюнча референдумда добуш берген соң Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов билдирди. Төмөнкү Палатанын спикери өз тандоосун Астанада №128 участкада жасады. Ерлан Кошанов референдумдун адилеттүү жана ачык өтөрүнө ишенимин билдирди.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:

– Биз өлкөбүздүн, элибиздин келечегин бүгүн аныктап жатабыз. Бул күн Казакстандын тарыхында өзгөчө орун ала турган тарыхый күн болот деп ойлойм. Референдумдун адилет, таза, ачык өтөрүнө менин күмөнүм жок. Себеби биз элди аралап келдик, элдин каалоосун жакшы билип жана колдоосун сезип отурабыз.

Премьер-министр Олжас Бектенов жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумда добуш берди. Ал борбор калаадагы Динмухамед Конаев атындагы №66 мектеп-лицейинде жайгашкан №130 шайлоо участогунда болду. Бул участокто Есил районунун тургундары добуш бере алышат, болжол менен 3 миңге жакын адам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков