Америкалык ири бизнеси Казакстанга инвестиция салууга кызыкдар. Эки өлкөнүн бизнес топторунун ортосунда айыл чарба, санариптештирүү жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташуу түзүлүшү мүмкүн. Инвестициялардын көлөмү жыл сайын көбөйүп келүүдө. Өткөн жылдын аягында Казакстанда америкалык капиталдын суммасы дароо 82 пайызга өсүп, 5 миллиард доллардан ашты. Белгилей кетсек, АКШ Казакстандагы үч ири инвестордун бири.
Которгон: Илгиз Жамалбеков