Казакстан менен Кытай 2,5 миллиард долларлык 8 соода келишимге кол коюшту. Өнөр жайынын эң алдыңкы тармактарында, анын ичинде кокс өндүрүшүндө жана көмүр химиясында биргелешкен долбоорлор сунушталат. Бул Шанхайда өткөн казак-кытай инвестициялык тегерек столунун жыйынтыгы болуп саналат. Иш-чарага республиканын өкмөт башчысы катышты. Олжас Бектенов Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян жана кытайлык бизнес өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Министрлер кабинетинин башчысы өлкөлөр жакынкы келечекте өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүүнү пландаштырып жатканын баса белгиледи. Казакстан үчүн дагы маанилүү келечек өнөр жайын өнүктүрүү болуп саналат. Олжас Бектенов кытайлык компанияларды ата мекендик бизнес коомчулугу менен тыгыз кызматташууга чакырды. Өз кезегинде кытайлык компаниялар долбоорлорду ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш катары өлкөгө кызыгуусун билдиришти.
Ержан Елкеев, «Казакинвест» улуттук компаниясы АК башкарма төрагасы:
- Бүгүн тегерек столго 30дан ашык компания катышууда, эгер бул компаниялардын курамына көз чаптырсак, алар ар түрдүү тармактардан турат. Бул компаниялардын баары жогорку технологиялуу, жана алардын көбү өз тармагынын лидерлер экенин белгилегим келет. Биздин милдет Казакстанда жогорку кошумча нарк менен өндүрүш ача турган жаңы лидерлердин, жаңы компаниялардын пайда болушун камсыздоо.
Аргулан Майканов, биргелешкен долбоордун жетекчиси:
- Саран өнөр жай аймагынын базасында биргелешкен ишкана түзүү келишимине кол коюлду. Ага ылайык жүк ташуучу унааларды жана коммерциялык жабдууларды чыгаруучу инновациялык завод курулат. Бул жүк ташуучу унааларды ширетүүчү кабина, катафорез, сырдоо жана жүк ташуучу унаалардын чакан түйүндүү маалыматтарын чогултуу сыяктуу жумуштарды өндүрүү үчүн заманбап жаңы жабдуулар сатылып алынды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков