Казакстан менен Швейцариянын ортосундагы зер буюмдарды экспорттоо боюнча талаптар жеңилдетилет. Өлкө парламенти тараптардын ортосундагы баалуу металлдардан жасалган буюмдарга товардык белгини өз ара таануу жөнүндө макулдашууну жактырды. Башкача айтканда, Казакстандан Швейцарияга же ал өлкөдөн Казакстанга жеткирилген зер буюмдар кайра маркалоого жатпайт. Тескерисинче, баалуу металлдардын курамын жана сапатын текшерүү процедурасын оптималдаштыруу ата мекендик зергер буюмдарын экспорттоону көбөйтүүгө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков