Казакстан менен Азербайжандын ишкерлер кеңеши эки тараптын ортосундагы сооданын өсүшүнө салым кошот. Кеңешке мүчө болгон 59 компаниянын 35и Азербайжанга, ал эми 25и Казакстанга тиешелүү. Бул тамак-аш жана текстиль өнөр жай, курулуш, логистика, транспорт тармактарында иштеген ишканалар.
Юсиф Абдуллаев, Азербайжандын экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү фондунун жетекчиси:
- Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер саясий, жогорку деңгээлде өнүгүп келет. Мындан тышкары, маселенин экономикалык жагы абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-теке айларынын аралыгында товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу бир топ өсүп, 350 миллион долларды түздү. Экспорттук жана импорттук операцияларды өзүнчө алып карай турган болсок, бул аралыкта бир нече эсеге жогорулады. Бирок Казакстан менен Азербайжандын ортосунда аталган көрсөткүчтөрдү көбөйтүү үчүн чоң дарамет бар - деп эсептейбиз. Бул үчүн Ишкердик кеңеш жараяндардын бардыгына аянтча болуп берет.
Бүгүнкү күндө Азербайжанда казак капиталынын катышуусу менен 170ке жакын ишкана иштеп жатат. Акыркы 25 жылда аталган өлкөдөн Казакстанга 200 миллион доллар көлөмүндө инвестиция тартылса, Казакстандан өнөктөш өлкөгө дээрлик 100 миллион доллар багытталган.
Юсиф Абдуллаев, Азербайжандын экспорт жана инвестицияларды илгерилетүү фондунун жетекчиси:
- Кеңештин милдети — анын катарын көбөйтүү. Бул абдан маанилүү. Биз катарыбызда компаниялардын көбөйгөнүн каалайбыз. Менимче, кеңеште актуалдуу маселелер талкууланып, андан соң өкмөттөр аралык комиссиянын кароосуна сунуштала турган форумга айланат деген ойдобуз. Ал бардык инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү даярдоочу механизм, аянтча болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков