Балык өнүмдөрүнүн экспорту кеңейди

Балык өнүмдөрүнүн экспорту кеңейди

Казакстан даяр балык азыктарынын экспортун көбөйтүүдө. Түркестан областындагы беш балык иштетүүчү завод продукциясынын 80%га жакынын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге жөнөтөт. Өнүм негизинен Евробиримдик, КМШ өлкөлөрүнө, андан кийин АКШ, Польша, Германия, Венгрия, Түркия, Орусия жана Израилге жөнөтүлөт.

Сабит Танабаев, ага технолог:

Бүкүр сом балыгынан, ломбадан, жарма балыктан, чортондон жасалгандарды мен айтып өткөн Түркиядагы кардарга жөнөтүп жатабыз. Израилге жөнөтсөк, контейнер менен жөнөтөбүз. Ал кеме менен андан ары барат. Америкага учак менен жеткирилет.

Системалык иштердин натыйжасында балык чарбалары да көбөйдү. Келерки жылы аларга 12 ишкер кошулат. Мындан тышкары, акыркы жылдары чийки зат базасы көбөйүүдө. Чабак өстүрүү менен алектенген бир нече ишканалар ири заводдор менен келишим түзүшкөн.

Өмирбек Рүстемов, Шардара райондук өндүрүштүк башкармалыктын башчысы:

Жергиликтүү балыктарга өзгөчө көңүл бурулат. Башкача айтканда, 5 чарба кожолугу быйыл ачылып, иштеп жатат. Балык чабактарына жана балыктын башка түрлөрүнө субсидиялар каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков