Түштүк Корея студенттери казак тилин жигердүү
түрдө үйрөнүп жатат. Лингвистика менен казак таануу боюнча алгачкы сабактар Хангук чет тилдер университетинде 2004-жылы окутула баштаган. Быйыл Борбордук Азия
кафедрасы өзүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат. Абайдын тилин үйрөнүүнү
каалагандардын арасында болочок дипломаттар, котормочулар, казак-корей
биргелешкен ишканаларынын кызматкерлери бар. Жогорку окуу жайдын доценти Чу Ён-Мин өзү да учурунда кафедранын студенти болгон. Ал
казак тилин, грамматикасын бат эле
үйрөнүп, бүгүнкү күндө студенттерге тил үйрөтүп келет.
Чу Ён Мин, Хангук чет тилдер университетинин окутуучусу:
-
Борбордук Азия, анын ичинде Казакстан тууралуу бир макаланы
окудум. Ошол макаланы окуганда Казакстанда бар нерсе Кореяда жок, Кореяда бар нерсе
Казакстанда жок деген
маалыматка көзүм түшүп калды. Ошондон кийин эки өлкөнү жакындатууга бел байладым. Эки өлкөнүн ортосунда көпүрө боло аламбы
деген ой менен казак
тилин үйрөнө баштадым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков