Казакстан Республикасынын Өкмөтү ири мунай-газ жана мунай-газ-химия долбоорлорун өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга арналган комплекстүү планын бекитти. Анын алкагында мунай-газ, мунай-газды кайра иштетүү, ошондой эле, мунай-газ-химия тармактарында 20 маанилүү долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн. Бул долбоорлорго 37 миллиард доллардан ашык инвестиция тартуу мерчемделип жатат. Мындан тышкары, геологиялык чалгындоо жана кен чыккан жерлерди өздөштүрүү алкагында инвестициялардын жалпы көлөмү болжол менен 10 миллиард долларды түзгөн 7 долбоор ишке ашырылат. Натыйжада 2027-жылга карата өлкөнүн шахталарында мунай өндүрүүнүн көлөмүн 105 жарым миллион тоннага чейин, ал эми газ өндүрүү деңгээлин 82 миллиард кубометрге чейин жеткирүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков