Казакстан Иранга дан экспортун көбөйтөт

Казакстан Иранга дан экспортун көбөйтөт

Казакстан Иранга жылына 2 млн тонна буудай жана 1 млн тонна арпа жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов Ирандын Айыл чарба министри Голамреза Нури Гезельдже менен жолугушууда билдирди. Кеңешмеде агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуунун дарамети талкууланды. Иран тарап мал чарбачылыгы жана канаттуулар чарбасы боюнча тажрыйба алмашууга кызыкты. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында бул Ислам өлкөсүнө ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту 3 эсеге өстү. Бул мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү дээрлик 80%га жетти.

Голамреза Нури Гезельдже, Ирандын Айыл чарба министри:

- Жолугушуу жемиштүү болду. Эки өлкө ортосундагы көптөгөн маселелерди талкууладык. Иран аркылуу Перс жана Оман булуңдарына өтүүчү «түндүк – түштүк» коридорунун алкагында Казакстандын мүмкүнчүлүктөрүн, транспорт жана логистика, инфраструктура жаатындагы дараметти пайдалануу иштелип чыкты. Мындан тышкары, Кытайдан Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу Иран менен темир жолду улантуу маселелери каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков