Экономикалык активдүүлүк терең депрессияда болот

Экономикалык активдүүлүк терең депрессияда болот

Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, 2023-жылы Европанын жана Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн экономикасы олуттуу өсүш көрсөтпөйт.м Эл аралык каржы институтунун эсеби боюнча, анын деңгээли болгону 0,3%ды түзөт. Документте келерки жылы экономикалык активдүүлүк терең депрессия абалында кала турганы белгиленген. Анткени регион энергетика рыногундагы баанын туруксуздугунун терс таасирин сезет. Кошумчалай кетсек, быйылкы жылы 0,2%га кыскарган өндүрүш көлөмү келерки жылы өзүнүн терс динамикасын улантып, андан ары төмөндөшү күтүлүүдө. Мындай коркунучтун алдын алуу үчүн дем берүүчү программаларды ишке ашырган өлкөлөрдө, өндүрүштүн азайышы жеңил болот дешет адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков