«Дарбаза – Мактаарал» жаңы темир жол линиясы жылына 10 миллион тоннага чейин жүк агымына жол ачат

«Дарбаза – Мактаарал» жаңы темир жол линиясы жылына 10 миллион тоннага чейин жүк агымына жол ачат

Бул багыттагы дараметтүү демилгелердин бири «Дарбаза – Мактаарал» жаңы темир жол линиясын куруу болуп саналат. Аны ишке ашыруу «Сарыагаш» өтмөкүндөгү жүктү азайтып, жылына 10 миллион тоннага чейин кошумча жүк агымын тартууга жол ачат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри билдирди. Белгилей кетсек, учурда тараптар өнөр жай тармагында жалпы баасы 2 миллиард доллардан ашык 42 биргелешкен долбоорду ишке ашырууда. Алардын 29у республикада, калгандары боордош мамлекеттин аймагында жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков