Мамлекет башчысы Казакстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн негизги багыттары менен таанышты. Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагасы мамлекет башчыга атамекендик ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, мамлекет менен бизнестин кызматташтыгы боюнча жасалып жаткан иштер, палатаны трансформациялоонун негизги багыттары тууралуу маалымат берди. Буга кошумча, Касым-Жомарт Токаев менен Райымбек Баталовдун жолугушуусунда Атамекен учурда тез арада чечиле турган маселелерди аныктоо үчүн терең талдоо жүргүзүп жатканы, ошондой эле көйгөйлөрдү чечүү үчүн Өкмөт жана акимчиликтер менен биргеликте экономиканы эффективдүү ар тараптандырууга жана жагымдуу бизнес-чөйрөнү калыптандырууга таасирин тийгизе тургандыгы тууралуу айтылды. Президент стратегиялык чечимдерди кабыл алууда бизнестин кызыкчылыктарын эске алуу маанилүү экенин, ошондой эле ата мекендик ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү боюнча сунушталып жаткан чаралардын актуалдуулугун белгилеп өттү.
Ошондой эле, бүгүн Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасын кабыл алды. Галымжан Пирматов Акча-кредит саясатын ишке ашыруунун оң натыйжалары тууралуу баяндады. Кабыл алынган чаралардын аркасында тенге валютасындагы депозиттер мурда болуп көрбөгөндөй денгээлге жетип, экономиканы насыялоонун көлөмү бир кыйла өстү. Улуттук банктын төрагасы санариптик теңгени киргизүү зарылдыгы боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын баяндап берди. Айрыкча, рыноктун катышуучуларынын, реалдуу кардарлардын соода жана тейлөө ишканаларынын катышуусунда санариптик теңге платформасын тестирлөө ийгиликтүү өттү. Жалпысынан санариптик теңгени киргизүү 3 этапта – 2025-жылдын аягына чейин жүзөгө ашырылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков